Муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында келе жаткан жылытуу мезгилине  даярдык көрүү жана масштабдуу ишембилик өткөрүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Турак жай-коммуналдык чарба департаментинин маалыматы боюнча, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тарабынан 62 откана даярдалып, 4 откананын оңдоо иштери жакынкы аралыкта бүткөрүлүп, жылуулук тармактары 40%га оңдолду. «Бишкекжылуулуктармагы» филиалы тарабынан жылуулук тармактарын оңдоо иштери 67%га, жылуулук тармактарынын капиталдык курулушу 71%га, үй ичиндеги тармактарды алмаштыруу 71%га аткарылган.

Мэр борбор калаанын акимчиликтерине МАБ менен биргеликте 17-сентябрда өтө турган жалпы шаардык ишембиликке шаардыктарды, чарбалык субъекттерди тартуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле, борбор калаанын мэри коммуналдык кызматтарга келерки кышка өз убагында жана сапаттуу даярданууну, бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык  ар бирибизден башталат! Жарандык активдүүлүктү көрсөткүлө - четте калбагыла!