Борбор калаанын акимчиликтеринде Баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылды.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев 7 энени “Баатыр эне” ордени менен жана 5 энени “Эне даңкы” медалы менен сыйлап, алган мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, көп балалуу энелерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана  үй-бүлөдөгү жыргалчылыкты каалады.

Биринчи май муниципалдык администрациясынын жыйындар залында көп балалуу энелер сыйланышты.

Ардак сыйлыктарды район башчысы Максатбек Сазыкулов тапшырды.

Жалпысынын 26 эне сыйланган, анын ичинен 14ү «Баатыр эне» ордени (7 жана андан көп бала), 12си «Эне даңкы» медалы (6 жана андан көп бала) менен сыйланган.

Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 231 баатыр эне каттоодо турса, анын 156сы «Баатыр эне» ордени, 75и «Эне даңкы» медалдары менен сыйланган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдан бери жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү “Энелер күнү” белгиленген.