Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Айтен Рустамова баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы жана болочок  долбоорлорду талкуулашты. Атап айтканда, кысылган жаратылыш газы менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу процессин тездетүү.

Банк ошондой эле “Бишкек суу долбоору” жана “Бишкек үчүн автономдуу троллейбустарды сатып алуу” деген эки долбоорду сунуштады.

Мэр бул долбоорлор борбордун мэриясында тармактык адистерди тартуу менен кеңири карала турганын белгиледи.