Борбор калаада муниципалдык мекемелердин кызматкерлери мамлекеттик тилде жат жазуу жазышты.

Бул акция Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тарабынан бекитилген иш-чаралардын алкагында уюштурулду. Акциянын алкагында республика боюнча «Туура жаз» мамлекеттик тилдин бир айлыгы өткөрүлөт.

Жат жазуунун текстин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын  катчысы Кутмырза Жакыбалиев окуп берди.

Мындай демилгенин максаты – муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде билүү болуп саналат.