"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын жаңы конуштарында тышкы жарык берүү тармактарын модернизациялоо боюнча ишин улантууда.

Биздин адистер Көк-Жар конушунун Молдокулов, Куйручук, Ой Терскен, Конорчок, Көк - Жаңгак , Көк-Жайык, Калмурзаев жана Арстанбап көчөлөрүндө жарыктандыруу иштерин жүргүздү.

180 светодиоддук чырактар орнотулду, алардын кубаттуулугу 100 Вт. Ошондой эле 5700 метр өзүн-өзү алып жүрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Урматтуу шаардыктар! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" МИ  дагы социалдык тармактарда:
Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet

Биз ар дайым байланыштабыз!