Бишкектик жаш футболчулар жай бою Кыргыз Республикасынын 3 кубогун багындырышты.

Биринчисин июнь айынын башында Каракол шаарында 2008-жылкы өспүрүмдөр арасындагы кубокто финалда Ысык-Көл облусунун командасын 3:0 эсебинде утуп жеңип алган.

Машыктыруучу – Ахмат Кошалиев.

Экинчиси 21-26-июнь күндөрү Ысык-Көл районунун Бостери айылында өткөн беттеште алышты.

Финалда Ош облусунун командасын 6:2 эсебинде утуп жеңишкен. Машыктыруучу - Ильяс Тюлегенов.

Ал эми үчүнчүсүн августтагы беттештен Жалал-Абад шаарынан алып келишти. Турнир 2009-жылы төрөлгөн уландар арасында өттү.

Финалда Чүй облусунун командасын 4:0 эсебинде утуп алып, кубокту ээлешти. Машыктыруучу - Нурзат Кадыркулов.

Кубок 7 облустун жана борбордун курама командаларынын арасында өтөт.

Биздин командага шаардын мыкты клубдарынан тандалып алынган 18 оюнчу кирген. Учурда федерация сентябрь айынын аягында Ош шаарында өтө турган кыз-келиндер кубогуна кызуу даярдыктарды көрүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы жаш спортчуларды кубоктору менен куттуктайт жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайт!