"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат.

“Бишкекасфальтсервис” МИсинин 2022-жылга карата борбор калаанын тротуарларын капиталдык оңдоп-түздөө боюнча титулдук тизмесине ылайык, ишкананын иш-планынын негизинде Киев көчөсүнүн тротуары (түндүк тарабы) Ибраимов көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин тротуарды асфальтоо иштери жүргүзүлдү. Азыркы тапта курулуш иштери Ж.Абрахманов көчөсү менен К.Тыныстанов көчөсүнүн аралыгында жүрүүдө.

Ошондой эле ишкана тарабынан Айтиев көчөсү №21- үйдүн жанында жайгашкан аялдаманын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөө иштери аткарылды. Айта кетсек бул аялдаманын алдынан өткөн ирригация тармагы жараксыз абалга келген.

Учурда “Ак Бата” конушунда жаңы курулуп жаткан мектептин аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мектептин ички тротуарларын асфальтоо жана аны менен бирге ирригация тутумун орнотуу иштери аткарылууда.

Урматтуу шаар тургундары! "Бишкекасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду (фото жана видео) сиз ишкананын социалдык тармагындагы баракчасына жөнөтсөңүз болот: bishkekasfaltservis..

Бишкек мэриясы шаардыктарга биздин социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу  иштерибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө өз убагында маалымдагандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.