Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров күмүш төш белгилерди, кол сааттарды, Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Сыйлыктарды Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, борбордук аппараттын, шаардык жана райондук кызматтардын кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү алышты.

Мэр ар бир кызматкердин баа жеткис эмгегин белгилеп, борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалады!