“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде бардык шаардык троллейбустарды иретке келтирүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин «БТБ» МИда аткарылуучу иштер:
• Троллейбустардын тышкы жана ички жабдууларынын толук жайгашуусу: люктардын, эшиктердин жарактуулугу, айнектин бүтүндүгү, транспорттогу санитардык-гигиеналык абалы;
• Трафареттерди жаңылоо;
• Троллейбустардын сырткы көрүнүшүн бирдей стилде жасоо;
• Аялдамаларды эки тилде – мамлекеттик жана расмий тилде айтылуучу үндү толук кандуу киргизүү.
Учурда троллейбустардагы трафареттер толугу менен кыргыз тилине алмаштырылды. Мындан тышкары троллейбустун ичин, сыртын сырдоо жана ичин тазалоо иштери жүрүп жатат.