Урматтуу шаардыктар, борбор калаанын коноктору! Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:

2022-жылдын 31-августунда саат 19:30да борбор калаанын Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада  жылдыздарынын катышуусунда концерт өткөрүлөт.

«Ден соолук» сейил багында саат 16.00-19.00 райондун балдары үчүн спорттун 5 түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча спартакиада уюштурулат.

Ошондой эле «Ден соолук» паркында 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Владимирович Тепляшиндин чыгуулары пландалып, ал 3 автобусту тартуу боюнча рекорд көрсөтүүнү пландаштырууда.

Биринчи май району:

2022-жылдын 26-августунда саат 20:00дөн 23:00гө чейин “Кыргыз модасына таазим. Башталыштан азыркыга чейин" иш-чарасы өтөт.

27-августта саат 12:00дө “Мурас-Ордо” жаңы конушунда активисттердин жана фольклордук ансамблдердин катышуусунда “Ыр-Кесе” ыр сынагын өткөрүү пландалууда.

Октябрь району:
31-августта саат 18:00-21:00 «Ынтымак-2» сейил багында Street Food фестивалын уюштуруу пландалууда. Ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндар уюштурулат.

Свердлов району:
30-август саат 10:00дө "Каражыгач токою" паркында тургундар үчүн концерттик программа менен майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында, 31-август күнү саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндарды өткөрүү пландалууда.
31-август саат 11:00дө  «Эне-Сай» конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин району:
31-август саат 10:00 «Ак-Өргө» конушунда, Жолон жана Алыкулов көчөлөрүндө,  саат 14:00 "Ала-Арча" конушунда  Сыдыгалы жана  Шералиев көчөлөрүндө  шаардыктарга спорттук иш-чаралар жана концерттик программа тартууланат.