Капиталдык курулуш башкармалыгы “Жал-23” кичи районундагы №72 орто мектепке өтмө галерея куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жарыялайт. Келечектеги галерея мектептин эки корпусун бириктирет. Анын аянты 36,25 м2 болот.

Мындан тышкары, Башкармалык №20, №35 жана №40 орто мектептердин имараттарын жылуулоо жана фасаддарын декоративдик сырдоо үчүн оңдоо иштерин сатып алуу жөнүндө билдирди.

Урматтуу жарандар жана ишкерлер! Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg