"Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана борбор калаанын көчөлөрүнө жол белгилерин орнотуу боюнча жигердүү иштеп жатат.
Ишкананын титулдук тизмесине жана 2022-жылга карата иш планына ылайык Гатчинский көчөсүндө Шуштюбе көчөсүнөн Кайназаров көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
Окуу жылынын башталышына аз гана убакыт калды, Буга байланыштуу "Бишкекасфальтсервис" МИси жол белгилерин орнотуу жана мектеп менен бала бакчаларга жакын жайгашкан шаардын көчөлөрүнө жол белгилерин чийүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул иш-чаралар окуучулардын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлөт.
Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга жаандын торлорду (ЛПР) орнотуу кызуу жүрүп жатат.
Урматтуу шаардыктар! "Бишкасфальтсервис" МИнин иши боюнча суроолорду  (фото жана видео) социалдык тармактагы  instagram: mp_bishkekasfaltservis баракчасна жөнөтсөңүздөр болот.
Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга биздин ишибиздеги кемчиликтер жана каталар жөнүндө социалдык тармактарда жана мессенджерлерде өз убагында билдиргендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.