2022-жылдын 25-августунда саат 10:00дө “Газпром Кыргызстан” мектебинде “Билим берүү экосистемасы, жарандык иденттүүлүк жана зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо – билим берүүнүн шарты катары коомдун туруктуу өнүгүүсү” деген темада Бишкек шаарындагы мугалимдердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жылдык август конференциясы өтөт.

Конференцияга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын жетекчилиги, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чакырылган.

Август педагогикалык конференциясынын ишине шаардын билим берүү уюмдарынын 200дөн ашык жетекчилери жана мугалимдери катышат.  Конференциянын темасы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстамбекова баяндама жасайт.

Бул жыйын окуу процессин уюштуруунун жаңы формаларын аныктоо жана сапаттуу билим берүү, ошондой эле 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу жана 2022-2023-окуу жылынын муниципалдык билим берүү системасын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Конференциянын алкагында муниципалдык билим берүү системасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү өтөт.  Иштин актуалдуу багыттары жана жаңы окуу жылына карата конференцияда коюлган милдеттер борбордогу билим берүү уюмдарынын педагогикалык жамаатынын талкуусуна коюлат.