Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында өткөн дзюдо боюнча мырзалар жана айымдар арасында өткөн Азия чемпионатында Октябрь районунун Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Эрлан Шеров күмүш байгеге ээ болду.
Чемпионатка Азиянын 17 мамлекетинен 68 дзюдочу катышып, 97 мырза жана 71 айым 14 салмак категориясында (мырзалар жана айымдар арасында 7 категория) Жакшылык Үшкемпиров атындагы Күрөш өнөр ордосунда өттү.
Эрлан Шеров Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү, дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери.
Ал мелдешке ушул жылдын 8-9-январында борбор калаада дзюдо боюнча мырзалар жана айымдар арасында өткөн республикалык чемпионатта 90 кг салмакта 1-орунга ээ болуп жолдомо алган.
Спортчунун жеке машыктыруучусу – Роман Владимирович Кузьмин.
Борбор калаанын мэриясы спортчуну жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!