«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды салынуучу челектерди жууп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Алсак, Биринчи май району боюнча 863 челек жана 86 алар турган аянт жуулуп дезинфекцияланган;
Ленин районунда 620 таштанды челеги жана 92 аянтча;
Свердлов районунда 785 таштанды челек жана 114 алар турган аянтча тазаланып, дезинфекциядан өткөн.

Андан соң таштанды челектери жана аянтчалар сырдалган.

Мындан тышкары, таштанды салынуучу челектердин дөңгөлөктөрү оңдолду:
- Ленин районунда 38 челек;
- Биринчи май району боюнча 56 челек;
- Свердлов району боюнча 43 челек;

Урматтуу шаардыктар! Контейнерлерге кам көрүүнү суранабыз. Уурулук фактыларына, сынган дөңгөлөктөр жана таштанды челектерине күбө болгондор болсо фото же видеолорду WhatsApp: 0703406407 номерине жөнөтүңүздөр.