Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн “Бишкек шаарынын байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө” жобонун 3-пунктунун 22 пункчасына ылайык, конкурстук комиссияга тандоого (чүчүкулак кармоого) катышууга чакырат.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 7-августуна чейин.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

а) коммерциялык эмес уюмдун аталышы жана комиссиянын курамына кирүүгө каалоосун билдирген конкурстук комиссияга берилген өкүлдүн жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтарды камтыган ыктыярдуу түрдө тандоого катышууга арыз жана арыз ээсинин дареги жана байланыш маалыматтары;

б) күбөлөндүрүүчү документтер: каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана юридикалык жактын уставынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, конкурстук комиссияга берилген өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү (коммерциялык эмес уюм үчүн);

в) конкурстук комиссиянын курамына берилген талапкердин соттолбогондугу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатынын түп нускасы;

г) конкурстук комиссиянын курамына өткөрүлүп берилүүчү талапкердин кыскача баяндамасы;

д) юридикалык жактын (коммерциялык эмес уюмдун) ыйгарым укуктуу органынын конкурстук комиссиянын курамына киргизүү үчүн берилген юридикалык жактын өкүлүн көрсөтүү жөнүндө чечиминин түп нускасы (жалпы чогулуштун протоколу, башкармалыктын чечими)

- коммерциялык эмес уюмдар үчүн

Сынактык комиссиянын курамына бир эле убакта сынактын катышуучулары болгон коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (сынактын катышуучунун уюштуруучуларынын бири), конкурска катышуу үчүн жарыяланган автобустардын ээлери же болбосо конкурстун алкагында жарыяланган айдоочулук курамдын курамына кирген адамдар кире албайт.

Толук маалымат алуу үчүн байланыш телефону:
0555 103 263.