«Бишкекшаалифт» муниципалдык ишканасы бир муниципалдык лифтти алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор алкагында «Унаа курулуш» ЖЧК менен келишим түздү.

Аталаган келишимдин негизинде Түштүк-2 кичи районундагы №8 үйдүн 1-подьездеги лифтти толугу менен алмаштырылат.

Демонтаж иштери «Унаа курулуш» ЖЧК тарабынан башталды. Лифтти толук орнотуу иштери 3 жумага чейин созулат.