Бүгүн биз сиздерге «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын гүл «перилери» тууралуу айтып беребиз, алардын колу аркылуу шаар жаңы көрккө келүүдө.

Аталган ишканада Алтын Бакирова, Гүлнара Тилабердиева, Алма Акыбаева, Гүлнара Жунусалиева, Салкын Абдрасулова, Назлы Кадырова жана Назгүл Качымова сыяктуу кызматкерлер 15 жылга жакын убакыттан бери борбор калаабызды жашылдандыруу менен алектенишет.

Шаарга көрк берип келген гүлдөрдүн  эң алгачкы көчөттөрү кышында себилет, андан кийин ишкананын эмгекчил кызматкерлери чөйчөкчөлөргө отургузуп, борбор калаанын көчөлөрүнө отургузганга чейин сүйүү менен өстүрүшөт. Андан да мурда, күзүндө жоогазындар отургузулуп, жаздын келиши менен апрель айында Бишкектин көркүн ачат.

Бул татаал, бирок шаар үчүн өтө маанилүү иштердин бардыгы ишкананын күнөсканаларында аткарылат.

Борбор калаанын багбандары жаш балдардай эле эң кичинекей уруктардан гүл өстүрүп, жаз-жай айларында миңдеген шаардыктардын суктануусуна тартуулашат.

Күнөсканаларын «төрөт үйү» деп атап, үрөн өстүрүү, чөйчөктөргө отургузуу мезгилинде өзгөчө коргоп, ар бир гүлгө кам көрүшөт. Анткени, гүл өстүрүү бул жаңы жашоону өстүрүү искусствосу.