30-июль күнү “Тазалык” муниципалдык ишканасы Greenteen долбоорунун ыктыярчылары менен биргеликте Лев Толстой көчөсүндө темир жолдун боюнда ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликке жалпысынан 60тан ашык адам катышып, 150дөн ашык мүшөк таштандылар жыйналды. Мындан тышкары жакынкы аралыкта кайрадан биргелешкен ишембилик өткөрүү пландалууда.

Greenteen долбоору Кыргызстандын экологиялык абалын өнүктүрүү максатында 2022-жылдын 11-июнунда ачылган. Бул долбоордун максаты коомчулукка экология тууралуу маалымат берүү үчүн масштабдуу ишембиликтерди, семинарларды жана вебинарларды уюштуруу болуп саналат.