«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

Ошентип, тазалыкчылар Өкмөт гүлбакчасындагы таман таштарды  алмаштырууга киришти. Аталган ишке 35 жумушчу жана 3 атайын техника тартылган.

2200 чарчы метр таман таштарды алмаштыруу пландалууда. Мындан тышкары, 325 погондук метр бордюрлар, ошондой эле 62 погондук метр аянттагы гранит бордюрлар алмаштырылат.

Буга чейин ишкананын кызматкерлери Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк тарабындагы Чүй проспектисинин Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө  чейинки бөлүгүндөгү таман таштарды алмаштырган.