Биринчи май акимчилигинин жыйындар залында пландык жыйын өттү.

Райондун башчысы Максатбек Сазыкулов орун басарларынын, райондук кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана МАБдардын  жетекчилеринин катышуусунда пландык кеңешме өткөрүп,  анда  COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу,  «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштерин талкууланды.

Райондук администрация ҮМБ менен биргеликте эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатуу иштерин улантууда. Биринчи май району боюнча буга чейин биринчи дозасы менен 54 746 адам эмдөөдөн өткөн, бул эмделүүгө тийиш болгон тургундардын 64,7%ын (84 619 адам) түзөт.

Учурда “Синофарм” гана жеткиликтүү, кийинки айда “Пфайзер” вакцинасынын жаңы партиясы күтүлүүдө. Калкты эмдөө менен камтуу максатында 2 мобилдик топ иш алып барууда.

Ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо боюнча маалымат кампаниясы жүргүзүлүүдө.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси жана МАБ тарабынан жарнак конструкцияларын жана көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү  боюнча билдирүүлөр берилип, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 250 жарнама объектилери демонтаждалган. Мындан тышкары, мамлекеттик мекеме бул конструкциялардын, ошондой эле имараттардын фасаддарынын бирдиктүү долбоорун иштеп чыгууда.

Бүгүнкү күндө «Бишкекжашылчарба» МИ тарабынан 30 миңден ашык бир жылдык гүлдөр, 3600гө жакын жазы жалбырактуу дарактар, 300дөн ашык ийне жалбырактуу дарактар, 1300дөн ашык бадалдар, 74 миңге жакын тосмолор отургузулду, 500 гектардан ашык жашыл аянттар чабылып,  3300гө жакын бак-дарак санитардык бутоодон өткөрүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар  берилип, протокол түзүлдү.