Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаевдин төрагалыгы астында шаардык, райондук кызматтардын жетекчилери жана райондун МАБдардын башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү.

Жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Ленин райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын 2022-жылдын 6 айында Ленин району боюнча аткарылган иштери боюнча отчеттору угулду.

Пландык кеңешменин жыйынтыгы менен борбор калаанын мэриясынын ККБ башчысынын орун басарына жаңы курулуп жаткан мектеп жана бала бакчалардын курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн өзгөчө көзөмөлгө алуу жана райондун МАБдарынын башчыларына  № 1, 2, 9 ҮМБнын директорлору менен биргеликте калк арасында COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө алуу зарылчылыгы жөнүндө сапаттуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды.