Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Мохаммад Саид Мохаммад Аль-Арики менен жолугушту.

Мэр Бириккен Араб Эмираттары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар БАЭ шаарлары менен достук тажрыйба алмашуу маселесин да талкуулашты.

Мындан тышкары мэр Эмилбек Абдыкадыров араб тарап менен биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экенин билдирди.