"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2022-жылдын 2-августунда саат 9:00дөн 19:00гө чейин Керимбеков көчөсүндөгү эки турак жайдын суу түтүктөрүнө кошулганына жана  диаметри 100 мм болгон авариялык суу түтүктү туташтырууга байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Ичүүчү суу Токтогул - Манас - Исанов - Пушкин көчөлөрү чектешкен аймакта токтотулат.

Өчүрүлүүгө тийиш болгон турак-жайлар:
Киев көчөсү № 129,131,133, 135, 137, 137А, 59, 63А, 129/1, 131А, 131/1;
Чүй проспектиси № 161, 158, 243, 245;
Керимбеков көчөсү № 50,52, 57А, 57, 154, 56;
Исанов көчөсү № 96,105/2, 105 Б.

Суу токтотула турган объектилер: Чүй проспектиси, 160 дарегиндеги БУУнун имараты;
Керимбеков көчөсү, 51 №47 бала бакча ;
Киев көчөсүндөгү №7 КСМ, 154.

«Бишкексууканал» башкармалыгы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү суу камдап алууларын  суранат.