Борбордо коронавирус инфекциясы көбөйүп баратканы байкалууда, буга байланыштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында калк арасында эмдөө жана сактык чараларын сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

2022-жылдын 22, 25 жана 26-июль күндөрү Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн жана чарба субъекттеринин кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын графиги боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жана  COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөө үчүн көчмө бригадалар уюштурулган.

Медицина кызматкерлери тарабынан вакциналар, медициналык көрсөткүчтөр жана каршы көрсөтмөлөр жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдү, ага 587 адам катышып, 56 адам эмделди.

2022-жылдын 27-июлуна карата вакцинанын биринчи дозасы менен 196 240 адам, экинчи дозасы менен 164 320 адам жана кошумча дозасы менен 23 457 адам эмдөөдөн өткөн.

Урматтуу шаар тургундары жана шаардын коноктору! Борбор калаанын мэриясы бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоону жана эмдөөдөн өтүүнү өтүнөт. Вакцинация-бул вируска каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу ыкмасы. Жоопкерчиликтүү болуп, өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар.