Биринчи май районунун аймагында тротуарларды оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

“Бишкекасфальтсвервис” муниципалдык ишканасын тарабынан Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн  Исанов көчөсүнө  чейинки бөлүгүндөгү тротуардын 300 метрге жакын бөлүгүндө асфальттын эски катмары алынып, ошол эле учурда геодезиялык изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы асфальттын негизин төшөө жана сугат иштерин уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабында Т.Молдо көчөсүнөн  Жаш Гвардия бульварына чейин 1000 метрден ашык жана Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө  чейин 1500 метрге  жакын тротуар оңдолот.

Оңдоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү  пландалууда.