Шаардыктардын коопсуздугу жана борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн зымдарды толук кесүү уланууда.

Биринчи май районунун жетекчилигинин тапшырмасы менен акимчиликтин кызматкерлери «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз тартылган зымдарды такай текшерип турушат.

Бул жолу Эмен сейил багында жана Эркиндик бульварында зымдар алынып салынды.

Негизи мыйзам бузуулар балмуздак жана суусундук сатуучу жайлардын электр энергиясына уруксатсыз кошулуусуна байланыштуу.

Жалпысынан 200 метр кабель алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз зымдарды жана кабелдерди мыйзамсыз туташканын  байкасаңыз, анда мэриянын  колл-борборунун 1840, 1850 кыска номурларына  чалып, фото жана видео фактыларды WhatsApp: 0554 182185 номуруна  жөнөтсөңүздөр болот.