Свердлов райондук администрациясында район башчысы Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында райондук кызматтардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин катышуусунда коллегия өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Свердлов районунун 2022-жылдын 1-жарым жылдыгына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелери каралды.
Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 млрд 147 млн 400 миң сом салык төлөмдөрү жана жыйымдары түшүп, план 1 млрд 187 млн 100 миң сомду түздү, башкача айтканда, план 96,7%га аткарылды.
Райондук салык кызматына 2022-жылдын 2-жарым жылдыгына жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүү милдеттендирилди.
Турак жай-коммуналдык чарба боюнча акимдин орун басарына социалдык объектилердин курулушун жана оңдоо иштерин көзөмөлгө алуу, ал эми акимдин экономика жана финансы боюнча орун басарына Свердлов районунда контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.