Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан социалдык объектилерге көчмө жыйын өткөрдү.
№40 орто мектепте кошумча корпус куруудан тышкары имараттын учурдагы оңдоо иштери да жүргүзүлүүдө. Азыр жууну жайларын алмаштыруу, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.
№77 орто мектепте ички жылытуу системасын оңдоо иштери аяктады.
Ошондой эле, Виктория Мозгачева №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жылуулук системасын оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, Токтогул көчөсүндөгү №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун оңдоо иштерине муктаж болгон филиалын текшерди.