Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо жана түшүндүрүү иштери улантылууда.

Фрунзе көчөсүндөгү №319-үйдө өз ыктыяры менен капиталдык тосмо алынууда.

Буга чейин Свердлов райондук соту аталган даректе кумблоктон тургузулган тосмо жана темир дарбазаны мыйзамсыз деп тапкан.

Инспекторлор турак жайдын ээлерине муниципалдык жер  тилкесин бошотуу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.