Борбор калаанын Маликов көчөсүнүн М.Алыбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери улантылууда.
Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун (фаза-2) алкагында КЭР грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Жолдорду реконструкциялоо долбоору “Бишкекбашкыархитектура” ММ берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өттү.
Долбоор боюнча жолдун узундугу 1,1 км, жүрүүчү бөлүктүн туурасы – 9 метр, тратуардын туурасы – жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн эки тарабында - 1,5 метр, ошондой эле жолдун эки тарабында ирригация орнотуу жүргүзүлөт.
Аталган көчөнү долбоор боюнча реконструкциялоо линиясынын астында башка объектилер менен катар укук белгилөөчү документтери бар Маликов көчөсү, 53/1 дареги боюнча эки дүкөн бар. Бирок жолдун бекитилген долбоорун өзгөртүүгө мүмкүн эмес, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жол куруу иштери иш жүзүндө 90%га бүткөрүлдү.
Дүкөндөрдү бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлөт. Жер тилкелеринин ээлерине компенсация төлөп берүү боюнча эскертүүлөр берилди.