Спортчуларга сыйлыктарды Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков тапшырды.

Ал Жуния шаарында (Ливан) өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын жана жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы спорттук самбо боюнча Азия биринчилигинин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин куттуктады.

Борбор калаадагы спорт клубдарынын жана Бишкек шаарынын Свердлов районунун Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин тарбиялануучулары жана машыктыруучулары акчалай сертификаттарга ээ болушту:

Чоңдор арасында:

Жанбосунов Нургазы - 2-орун

Жаштар арасында:

Кубаныч уулу Адилет - 1-орун;
Сансызбеков Артур - 2-орун

Балдар арасында:

Сансызбаев Артур – 1-орун;
Нурмухамедов Искандар - 2-орун.

Машыктыруучулар:

Каналбек уулу Ильгиз;
Зверев Антон.

Белгилей кетсек, самбо боюнча Азия чемпионатында жана биринчилигинде Кыргыз Республикасынын курама командасы жалпысынан 7 алтын, 10 күмүш жана 13 коло медалды ийгиликтүү жеңип алган.