Борбордо коронавирус инфекциясы көбөйүп баратканы байкалууда, буга байланыштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында калк арасында эмдөө жана сактык чараларын сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Кечээ Биринчи май администрациясында мобилдик бригада менен биргеликте акимиаттын, №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн зарылдыгы жана санитардык эрежелерди сактоо боюнча жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда кызматкерлерге вакциналар, медициналык көрсөткүчтөр жана каршы көрсөтмөлөр жөнүндө түшүндүрүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча каалоочулар эмдөөдөн өтүштү.

Райондук администрация үй-бүлөлүк медицина борборлору менен биргеликте эмдөөнүн темпин жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.

Белгилей кетсек, Биринчи май району боюнча биринчи эмдөөнүн дозасы менен 54 746 адам эмделди, бул эмделе турган тургундардын жалпы санынын 64,7% түзөт (84,619 адам).

Урматтуу шаар тургундары жана шаардын коноктору! Сиздерден эмделүүңүздөрдү, белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоону суранабыз.