«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын Суу менен жабдуу кызматы Гагарин көчөсү менен Лагерная көчөсүнүн кесилишинде муздак суу менен жабдууну нормалдаштыруу боюнча иш-чаралар комплексин жүргүздү.

Башкармалыктын адистери диаметри 400мм суу өткөрмөдөгү аварияны четтетүү боюнча иштерди жүргүздү. Түтүктү ачуу учурунда, анын үч жеринен жаранка кеткени табылды. Адистер 6 метр аралыктагы суу өткөрмөнү алмаштырышты жана суу өткөрмө түтүккө жылдыруучу муфталарды орнотушту.

Ал жерде үч авариялык бригада жана атайын техниканын үч бирдиги смена менен иштеди. Авариялык иштер бир күн ичинде бүткөрүлдү.

Азыр калкка суу менен жабдуу толук көлөмдө берилип жатат.

«Бишкексууканал» ӨЭБнын адистери аба ырайынын катаал шарттарына карабастан суу өткөрмөдөгү бузулууларды четтетти.