Коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Коронавирус инфекциясына чалдыгуунун алдын алуу максатында, №4 үй-бүлөлүк медицина борборлору Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлеринин арасында убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

№7 ҮМБ медиктери муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин, капиталдык курулуш башкармалыгынын жана коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Каалоочулар жеринде эмделүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана айланаңыздагы адамдарды коргоо үчүн, текшерилген маалыматтарды колдонуңуздар. Жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелеринин сунуштарын аткарууну суранабыз.