Социалдык тармактарда жеке үйлөрдү демонтаждоодо оор жүк ташуучу унаалар асфальтты бузуп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.  

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адиси тарабынан жер тилкесинин ээсине карата КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 177- беренеси ылайык протокол түзүлдү.

Ошондой эле, жер тилкесинин ээси бузулган асфальтты калыбына келтирүү боюнча муниципалдык инспекцияга кепилдик кат жазып, жуучу жайды орнотууга милдеттендирилди, учурда объектти бузуу иштери убактылуу токтотулду.