Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Көк-Жар конушундагы сулуулук салонунда тазалык тартиби сакталбагандыгы үчүн М.Алиевге 3 миң сом айып пул салынып,  Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Конорчок №69 көчөсүнө тигүү калдыктарын таштагандыгы үчүн  115-берененин 3-бөлүгү менен А.Кайыпкулов жоопкерчиликке тартылат.

Ал эми "Бонус" компаниясына 179-берененин 1-бөлүгүнө ылайык Дэн Сяопин проспектисинин боюндагы уруксатсыз жарнама үчүн айып салынды.

Бирок мыйзам бузгандар күнөөсүн мойнуна алышкан жок, иштер административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.