“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 26-июлда саат 9:00дөн 00:00гө чейин калаанын борборунда суу болбойт.

Суу өткөргүчтөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Көк-Жар суу алгычынын иши убактылуу токтотулат.

Темир жол линиясы, Панфилов, Абдымомунов көчөлөрү жана Аламүдүн дарыясы менен чектелген аймакта суу болбойт.

Борбор калаанын мэриясы ичүүчү сууну өз убагында камдап алууну суранып, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.