Биринчи май районунун башчысы Максатбек Сазыкулов салттагыдай районду кыдырып текшерди.
Текшерүү түз эфирде берилген кайрылуулардын негизинде өткөрүлүп, Алтын-Бешик, Көлмө, Жеңиш конуштарынын аймактарында өттү.
Алгач, Көлмө жаңы конушундагы Мыскал көчөсүнүн 1,5 чакырымдай жолду оңдоо иштеринин жүрүшүн, ошондой эле №78 мектептин кошумча имаратынын жана медициналык амбулаториянын курулушун текшерди.
Көпүрөнү куруу талап кылынган Ала-Арча дарыясындагы жолду карап чыгышты. Алтын-Бешик конушунун Козу-Баглан көчөсүнүн тургундары жолду оңдоп берүүнү суранды, ошондой эле Насикат көчөсүнө сырткы жарыктандырууларды орнотуу маселеси талкууланды.
Андан кийин аким Республикалык көчөсүндө «кызыл сызыктан» чыгып кеткен жеке турак-жайдын курулушунун тосмосун текшерди.
Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Биринчи май акимчилигинин компетенциясынын алкагында каралат.
Бул багыттагы текшерүүлөр уланат.
Урматтуу шаардыктар! Кайрылууларды мэриянын колл-борборунун 1840, 1850 кыска номурларына калтырып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.