Биринчи май акимиатында район башысы Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңештин депутаты Максат Алымбековдун жана МАБдардын жетекчилеринин катышуусунда коллегиянын отуруму болуп өттү.
Коллегиянын иш планы, Биринчи май районунун экономикасынын 1-жарым жылдыктагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата максаттары каралды.
Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 млрд. 832 млн. 100 миң сом план менен 1 млрд. 883 млн. 300 миң сом салык төлөмдөрү түшүп, план 102,8 % аткарылды.
Райондун салык кызматына салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча жигердүү иштерди улантуу, 2022-жылдын аягына чейин салык чогултуунун пландык көрсөткүчтөрүнө жетүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды.
Жыйындын аягында коллегиянын токтому кабыл алынып, анда райондун кызматтарына тапшырмалар берилди.