Октябрь администрациясы шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жума сайын райондун аймагында мыйзамсыз соода сатык боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүп турат.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан "Ынтымак" жана "Ынтымак-2" сейил багында мыйзамсыз башаламан соода жүргүзүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик  иш-чара жүргүзүлдү.

Башаламан соода шаардык электр тармактарына мыйзамсыз туташуу менен коштолуп, борбор калаанын жана энергетика секторунун бюджетине белгилүү жоготууларды алып келет.

Октябрь администрациясынын жана "Бишкекжарык" МИнин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кошулган линияларды кесүү боюнча иштер жүргүзүлүп,  100 метр кабель кесилди.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 35 мыйзамсыз соода түйүнү, 10 көрнөк жарнактар алынган. Башаламан соода жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.