Шаарыбыздын  мектептеринин  230 окуучусу 6 автобус менен Бишкек шаарынын патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда эс алуудан  келишти.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Жалын» жайкы лагеринде 10 күндүк эс алууда балдар  бири-бири менен достошушту.

Алар күн сайын көлгө сүзүп, 12 отрядтын  ортосунда: достук ырлары, Кыргызстан жөнүндө ырлар, дүйнө элдеринин бийлери, жомокко саякат, викториналар, пионербол боюнча атаандаштык, волейбол, футбол боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Көлдүн жээгинде Нептун күнүнө карата театралдаштырылган майрам өткөрүлдү. «Рух-Ордо» тарыхый комплексине барышып, Алыкул атындагы  чоң кемеге түшүштү. Лагерге планетарий келип, анда балдар космос тууралуу тарбиялык мультфильм көрүштү.

Акыркы күнү жетектөөчүлөр тарабынан балдар үчүн концерттик программа тартууланып,  соңунда көл жээгинде коштошуу салюту болду.