Ленин администрациясынын жыйындар залында район башчысы Русланбек Тагаевдин төрагалыгы алдында коллегиянын отуруму болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице–мэри Виктория Мозачева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Сариев, Бекжан Усеналиев, Таалай Темиркулов, ошондой эле шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.

Отурумда төмөнкү маселелер каралды:

- Ленин администрациялык районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын 1-жарым жылдыгына карата жыйынтыктары жана 2022-жылдын 2-жарым жылдыгына карата милдеттери жөнүндө;

- 2021-2022 окуу жылынын жыйынтыгы жана жаңы 2022-2023 окуу жылына Ленин районунун билим берүү уюмдарын даярдоо боюнча милдеттери жөнүндө;

- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча Ленин администрациялык районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселелер каралды.

Жогоруда аталган маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча Ленин районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысына салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча активдүү ишти улантуу, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык жыйноонун пландык көрсөткүчтөрүнө чыгуу боюнча толук чараларды көрүү тапшырылды. Билим берүү борборунун директоруна Билим берүү процессине өзгөчө көңүл буруу, окуучулардын жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрүн жогорулатуу тапшырылды жана ошондой эле Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысына "Ала-Арча" дарыясынын нугун механикалаштырып тазалоо жана "Манка-Жар" капчыгайындагы селден коргоочу курулмаларды бекемдөө боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.