Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров  Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирел мырза менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Анкара менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн шаарлар аралык деңгээлде талкуулашты.

Борбор калаанын мэри Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети менен шаарды өнүктүрүү  багыттары боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. Эмилбек Абдыкадыров да баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга кызыктар экенин белгиледи.

Жолугушууга Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Доган Ахмет Садик мырза жана Этимесгут шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу парламентинин депутаттары да катышты.

Маалымдама: Этимесгут - Түркиянын Борбордук Анатолия аймагындагы Анкара провинциясынын району,  негизинен Анкаранын борборунан 25 км (16 миль) аралыкта жайгашкан ири коомдук турак-жай долбоорлорунан турат. Калкы 606 472 киши.

Борбор калаанын мэриясы Түркиянын 4 шаары – Анкара, Измир Самсун, Трабзон шаарлары менен бир тууган шаар мамилеси боюнча келишимдерге ээ.