Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди.
Тактап айтканда, транспорттун санитардык абалы, жумуш учурунда айдоочулардын жүрүм-туруму, санитардык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди.
Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.
Текшерүү саат 08:00дөн 11:00гө чейин жүргүзүлдү.