Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында  борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Нишанбаев, ал эми комиссиянын мүчөлөрү болуп Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, борбордун вице – мэрлери, Бишкек шаарынын ИИБ башчысы, Борбордук райондордун акимдери жана шаар башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Комиссиянын курамына КРнын  Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти Дүйшө кызы Нуржан, "Балалык институту" коомдук фондунун президенти жана Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициянын өкүлү Нуржамал Жакубова да кирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен план талкууланды жана бекитилди.
Комиссиянын мүчөлөрү Пландын айрым пункттарына толуктоолорду киргизишти жана багыттар боюнча укук бузууларга талдоо жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Мэр отурумдар квартал сайын, ал эми зарылчылыкка жараша кезексиз өткөрүлөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, комиссия Бишкек шаарынын аймагында укук бузуулардын алдын алууга көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамын аткаруу үчүн түзүлгөн.

Координациялык комиссиянын негизги милдети – укуктук, социалдык-экономикалык, психологиялык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чаралардын системасын куруу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү, ошондой эле кылмыштын кесепеттерине каршы күрөшүү менен гана чектелбестен, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү болуп саналат.