Жунусалиев көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Жолдорду оңдоо иштери 800 метр аралыкта жүргүзүлгөн. Бул көчөдө жол белгилерин түшүрүү жана орнотуу, тротуарларды оңдоо жана жүрүү бөлүгүн 9 метрге чейин кеңейтүү менен жолду толук калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Жолду калыбына келтирүү долбоору "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун 2-фазасынын  алкагында жол куруу иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө иштери  2022-жылдын 10- мартында башталган.