Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү Департаментинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 23- июлунан тартып 24 июлуна чейин Интергельпо - Димитров (Москва көчөсүнүн уландысы) көчөлөрүнүн кесилиши оңдоо иштерине жабылат.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоору боюнча жер тилкесине оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Мына ушул себептен Димитров көчөсүнүн бөлүгү Фучиктен Пишпекке чейин (Москва көчөсүнүн уландысы) толугу менен жабылат. Автотранспорттук каражаттардын жүрүүсү үчүн альтернативдик жол катары Дэн Сяопин проспектиси болот.

Урматтуу шаардыктар! Жолдорду оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу алдын ала өзүңүздөрдүн каттамыңыздарды пландап түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз.