Биринчи май районунда салттуу түрдө аймакты текшерүү болуп өттү.

№15 муниципалдык аймактык башкармалыктын Маданият, Касым, Керемет, Аска-Таш, Тынчтык, Балбан-Таймаш конуштарын акимдин биринчи орун басары Жээнбек Осмоналиев кыдырды.

Негизинен муниципалитеттин карамагындагы бош калган жерлерге ирригация, жол оңдоо, канализация, коомдук бакчаларды куруу маселелери каралды.
Бардык кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Биринчи май акимчилигинин компетенциясынын алкагында тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Касым конушунун №1 «Шоола» мектепке чейинки билим берүү уюму да текшерлиди.

Аталган бала бакчада биринчи жана экинчи кабаттардын жыгач, кафель полдорун бүтүрүү, демонтаждоо жана монтаждоо иштери толугу менен бүткөрүлүп, жер астындагы коммуникациялар, электр зымдары алмаштырылып, терезе-эшик блоктору оңдолуп, жарым-жартылай алмаштырылды.