Вице-мэр Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында жашы жете электердин репродуктивдүү ден соолук жаатында укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле нике курагын кыскартуу маселелери боюнча кеңешме өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлү, акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, Ички иштер башкы башкармалыгынын, Билим берүү башкармалыгынын, Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын, Шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде нике курагынын төмөндөшүнө жол бербөө, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү, жашы жете электердин арасында билим берүү уюмдарында профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча тартылган түзүмдөрдүн жүргүзүп жаткан иштери боюнча маселелер каралды.

Вице-мэр кызматтардын ортосундагы макулдашылбаган ишти белгилеп,  репродуктивдүү ден соолук жаатында жашы жете электердин укуктарынын бузулушу аныкталган учурларды коштоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин, ошондой эле бул маселе боюнча кызматтардын өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды.